Брүс Сприңстин

Википедия дан

Брүс Фредерик Жозеф Сприңстин (англ. Bruce Frederick Joseph Springsteen; 1949-жылы, 23-сентябрда туулган) - америкалык ырчы жана ыр жазуучу. Брүс E Street Band тобундагы аткаруулары аркылуу таанымал. Ал "Босс" аттуу ылыкап атка ээ болуу менен, поэтикалык ырлары, американа, жумушчу класс, кээде жеке мекени Нү-Жерсиге багытталган саясий ыргактарды аткаруу менен, өзгөчө үнү менен жана 1970-жылдардан азыркы учурга чейинки сахнада эң аз 4 саат чуркоосу менен жана сахнадагы узун жана энергетикалык аткаруулары менен кеңири таанымал.

Сприңстиндин альбомдорунда комерциялык жактан ийгилик жараткан рок альбомдор жана ошондой эле элдик ырлар да камтылган. Анын эң ийгиликтүү альбомдорунун бири "Чуркоо үчүн төрөлгөн" (англ. Born to Run, 1975) жана "АКШда туулган" (англ. Born in the U.S.A., 1984) америкалыктардын жүрөгүнөн орун тапкан. Сприңстин дүйнө жүзү боюнча 120 миллиондон ашуун, ал эми АКШда 64 миллиондон ашуун диск сатуу менен дүйнөдөгү эң көп жаздыруу саткан ырчылардын катарын толуктаган. Ал 20 "Грэмми", эки "Алтын Глобус", бир "Оскар" сыяктуу көптөгөн сыйлыктарга ээ болуу менен 1999-жылы Ыр жазуучулардын Даңк Залы жана РокнРолл Даңк залына расмий түрдө кирген. 2009-жылы ал Кэннеди Борборунун медалы менен сыйланган. Ал эми 2013-жылы жылдын MusiCares адамы деп аталып, 2016-жылы Президенттик Эркиндик медалы менен сыйланган.

1991-жылы ал Патти Шиалфага баш кошкон жана экөөнүн Эван Жеймс, Жессика Рэ жана Сэм Райан аттуу үч бааласы бар.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]