Буаке

Википедия дан

Буаке, Бваке – Кот-д’ Ивуар мамлекетинин борбордук бөлүгүндөгү шаар. Вале дю Бандама областынын администрациялык борбору. Калкы 582,5 миң (2006); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Жолдор тоому. Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. 1899-ж. француз форту катары негизделген. Университет, пахта илимий-из. жана Пьер Рише (1973; тропиктик медицинасы жаатында изилдөө жүргүзөт), институттары токойчулук мектеби бар. Буаке – айыл чарбалуу аймактын соода борбору (кофе, какао, гозо, шалы, ямс, сизаль, тамеки жана башкалар). Тамак-аш, текстиль, булгаары бут кийим, тамеки, пахта тазалоочу, күрүч актоочу өнөр жайы, ЖЭС иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]