Бугубаев Барчынбек Асанбекович

Википедия дан

Бугубаев Барчынбек Асанбекович - акын.

Барчынбек Бугубаев 1963-жылы 15-майда Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган.
1981–1988-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.
Эмгек жолун университетти бүткөндөн кийин лингвистика кафедрасында иштөөдөн баштаган.
1990-жылдан «Путь к знаниям» («Билимге жол») гезитинин редактору,
1991–1995-жж. Мамлекеттик Телерадиокомпаниясынын көркөм адабият бөлүмүнүн редактору,
2000-жылдан Чүй университетинде эмгектенген.

Чыгармачылык жолу 1980-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган «Китеп» аттуу ырынан башталат.
1988-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын лауреаты.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

  • Кыргыз тилинде
  • Ак бороон: Ырлар.– Ф.: Кыргызстан, 1990. – 52 б.
  • Адамзатка кайрылуу: Поэмалар.– Б.: Бийиктик, 2003. – 200 б.