Бугулуу-Төр полиметалл кени

Википедия дан

Бугулуу-Төр полиметалл кени [[Нарын району|Нарын районунда]] , Нарын шаарынан түндүк-чыгыш тарапта, Нура тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3600–3800 м бийиктикте. Кен аймагын девондун аягы – карбондун башталышында пайда болгон акиташ тектери түзөт. Руда чөкмө жолу менен пайда болуп, катмар түрүндө акиташ тектеринин арасында жатат. Узундугу 270 мге созулуп, жантаюу бурчу боюнча 100 м тереңдикке чейин жатканы аныкталган. Негизги минералдары: галенит, жемсонит, сфалерит, арсенопирит ж. б. Темгилдүү руда басымдуу, чанда уюган түрдө учурайт. Минералдык курамы боюнча үч типке бөлүнөт: полиметаллдуу, жемсонит-пирротиндүү, манганит-сидериттүү. Мында полиметалл рудасы негизги орунду ээлейт. Пайдалуу компоненттердин өлчөмү: коргошун – 0,03–11,12%, сурьма – 0,6–11,15%, мышьяк – 0,05–1,49%, күмүш – 2,0–1324 г/т. Коргошундун запасы 1,8 т, сурьманыкы 2100 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]