Будда искусствосу

Википедия дан

Будда искусствосу – Буддага байланыштуу байыркы жана орто кылымдын аралыгындагы ар түрдүү көркөм эстеликтер. Адегенде Индияда Будданын өмүрү жана иши тууралуу пконография салты, түрдүү символикалык образдар пайда болот. Будда курулушунун негизги типтери: илгери курулган үңкүр храмдары (архитектура, скульптура жана сүрөт синтези катары), ступалар. Кытай, Япония жана Кореяда ар түрдүү типтеги жыгач храмдар, скульптуралык чакан чыгармалар, монумент скульптурасы жана башка сүрөттөр Будда сюжеттеринде курулган. Индонезия менен Камбоджадагы пагодалар (касиеттүү таш мечиттер), Индия, Бирма жана Непалдагы монастрь комплекстери, Тибет, Моңголия жана Бурятиядагы лама монастрларынын курулуштары будда искусствосунун мыкты үлгүлөрүнөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]