Будённый

Википедия дан

Будённый (1929-ж. чейин — Кара-Буура) — Талас дубанынын Киров ооданындагы Киров айыл кеңешине караштуу кыштак.

Киров атн. к-здун аймагында. Кара-Буура суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борб. Киров кыштагынан 11 км батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 56км. Калкы 1649 (1987); негизинен тамеки өстүрүүдө, мал чарбасында эмгектенишет.

Орто мектеп, балдар бакчасы, фельдшер-акушердик пункт, клуб бар. Кыштак Граждандык согуштун баатыры, Кеңеш Бирлигинин маршалы С.М. Будённыйдын ысмынан аталган.