Будённый Семён Михайлович

Википедия дан

Будённый Семён Михайлович [13. (25). 4. 1883, азыркы Ростов областы, Пролетарск району, Козюрин хутору – 26. 10. 1973, Москва] – советтик аскер жана мамлекеттик ишмер, Граждандык согуштун Баатыры, Советтер Союзунун Маршалы (1935), Советтер Союзунун 3 жолку Баатыры (1958, 1963, 1968). Орус-япон согушунда (1904–05), 1-дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 4 жолу Георгий крести менен сыйланган. 1919-ж. июнда Будённыйдын командачылыгы менен атчандар корпусу түзүлүп, 1-атчандар армиясына айланат. Бул армия Граждандык согушта Деникин, Пилсудский жана Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойногон. 1921–23-ж. Революциячыл аскер советинин мүчөсү, Түндүк Кавказ аскер округунун командачысына орунбасар. Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштеп, натыйжада жылкынын жаңы породалары чыгарылган. 1923-жылдан Будённый Кызыл Армиянын Баш командачысынын атчан аскер боюнча жардамчысы, СССР революциячыл аскер советинин мүчөсү. 1932-ж. М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1937-жылдан Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер советинин мүчөсү, коргоо эл комиссарынын орун басары. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы командованиенин Ставкасынын курамында, Ставканын резерв армияларынын аскер топторунун командачысы жана бир катар фронттун командачысы. 1943-ж. январдан Советтик Армиянын атчан аскерлеринин командачысы жана СССР Куралдуу Күчтөр министрлигинин Жогорку аскердик советинин мүчөсү; 1947–53-ж. айыл чарба министринин жылкы чарбасы боюнча орун басары, 1953–54-ж. атчан аскер инспектору болгон. Жети Ленин, 6 Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов жана башка ордендер менен сыйланган. Эмгектери: Пройдённый путь. Кн. 1–3. М., 1959–73.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]