Мазмунга өтүү

Буж

Википедия дан

Буж (фр. bougie - зонд, медицинада) - түтүк түрүндөгү мүчөлөрдү (заара чыгаруучу канал, кызыл өңгөч ж. б. ) кеңейтүү жана изилдөө үчүн колдонулуучу ичи көңдөй, жумуру түтүкчө.

Буж каучук, пластмасса же металлдан жасалып, жоондугу, формасы жана узундугу түрдүүчө болот. Ал урологияда заара чыгаруучу каналды кеңейтүү үчүн пайдаланылат. Буж кулак, көмөкөй, кекиртек, кызыл өңгөч жана кан тамыр Буждарына бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.