Бузачи

Википедия дан

Бузачи - Каспий деңизинин түндүк -чыгыш жээгиндеги жарым арал.

Казакстандын Гурьев облусунда. Деңиз деңгээлинен 61 м бийиктикте. Түштүк жагы дөңсөөлүү, кээ бир жерлеринде бархан жана кум дөбөчөлөрү бар. Түндүк жагы шор топурактуу. Түштүгү Мангышлак жарым аралынын тоолору менен тута-шат. Кийинки жылдарда Каспий деңизинин деңгээли төмөндөп, жээга-нин кургашынан ага жакын жаткан майда аралдар кошулуп, Бузачинин аянты бир кыйла кеңейди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.