Буй

Википедия дан

Буй (голландча – boei) – деңиз, көл жана дарыяларда кеме өтүүчү жерлердеги кооптуу (тайыздыкты, суу алдындагы чоң таштарды жана башка) жерлерди белгилөөдө коюлган, белгилүү формадагы жана түстөгү калкыма белги. Жарык берүүчү, үн же радиосигнал берүүчү түзүлүштө болушу мүмкүн. Радиогидроакустикалык буй. (радиобуй) маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, аны кабыл алуучу станцияга берүүчү калкыма каражат. Океанографиялык жана навигациялык байкоо жүргүзүүдө, суу алдындагы кемени табууда да колдонулат. Алгачкы радио буй 1945-жылдан, башкача айтканда суу алдындагы атомдук кеме жасалгандан тартып пайда болгон. Радио буй самолёт, вертолёттон жана кемеден топ-тобу менен түшүрүлүп, туюкталган тоскоолдуктар түзүлөт же орнотулат. Ал пассивдүү жана активдүү, багытталган жана багытталбаган болуп айырмаланат. Анын суу алдындагы кемени табуу аралыгы буйдун гидроакустикалык түзүлүшүнө, суу чөйрөсүнө, суу алдындагы кеменин түзүлүшүнө жараша болуп, бир нече жүз мден бир нече кмге жетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]