Буйлашев Таалайбек Сабралиевич
Көрүнүш
Буйлашев Таалайбек Сабралиевич (1957-ж. т., Нарын областы, Нарын шаары) – медицина илимдеринин доктору (2001), профессор (2001). КММИни (1981), СССР МИАнын Педиатрия ИИИнун аспирантурасын (1987, Москва) бүтүргөн. Кыргызстан курортология жана физиотерапия ИИИде, РКОдо, КММИде иштеген. 1993-жылдан Кыргызстан акушерлик жана педиатрия ИИИнин директорунун орун басары. Педиатрия, социалдык гигиена жана саламаттык сактоону уюштуруу боюнча адис.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4