Бука

Википедия дан

Бука - түрк-монгол элдеринде, анын ичинде кыргыздарда байыртадан тотем-жаныбар катары маалым. Эки Дарыя аралыгындагы Вавилон, Ассирия падышаларынын жана алардын мамлекеттеринин сактоочулары адам баштуу букалар болгондугун археологиялык казуулар ырастайт. Ал эми хуннулардын шаньюйлөр (падышалар) чыккан уругунун тотеми да бука болгондугу ырас. Огуз каган жөнүндөгү байыркы уламыштарда анын мифологиялык букадан (уйгур варианты) туулгандыгы баяндалат. Бул уламыш кийинки монгол доорунда да (Жувейни жана Юань-шинин маалыматтары) эволюциялык айрым өзгөрүүлөргө учураган. Түштүк Сибирдеги ж.б. түрк тилдүү элдерде бугу жана бука мааниси жагынан мифологиялык бир жаныбарды аныктаганын бир катар соңку иликтөөлөр тастыктайт. Бурят мифологиясында ушул эле элдин курамына кирген булагат жана хурхуттардын түпкү мифологиялык атасы катары касиеттүү бука эсептелери маалым. Ал эми буряттардын айрым уруулары (хонгодорлор, хубсугул буряттары) Буха нойонду ири мүйүздүү малдын сактоочусу (покровитель) катары билишкен. Тотемдик жаныбар шаман дининин эволюциялык өнүгүшү менен бирге, шамандар сыйынган культтук объектиге айлана баштаган. Мисалы, бука тува шамандарынын дубасы абдан күчтүү, абройлуу жана билимдүүлөрүнүн колдоочусу болгон. Бука- шаман наамындагылар айрым башка шамандарга салыштырмалуу өтө кадыр-барктуу, сыйлуу болушуп, устат болууга, өз окуучуларын (шакирттерин) тарбиялоого кадыресе укук алышканы маалым. Бука - каңды уруусунун курамындагы урук катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]