Букалаев, Камчыбек

Википедия дан
Букалаев Камчыбек

Обончу Букалаев КамчыбекЫсык-Көл районунун Чырпыкты айылында 1957-жылы 11-октябрда туулган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2016). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2023).

М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатында, кийин №1 мектеп-интернатында окуган. 1976-жылы Фрунзедеги музыкалык педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. Алгачкы обону – балдарга арналган «Ачык көңүл балдарбыз» (сөзү А.Кыдыровдуку) аттуу ыр болгон. 1980-жылы Чолпон-Ата шаарында элдик «Ак-куу» ыр-бий ансамблинде көркөм жетекчи болуп эмгектенип, 1981–1982-жж. Москвада чыгармачылык сапарда болгон жана 1984-жылы Грузияда, 1985-жылы Францияда, 1989-жылы Евпатория шаарында балдардын Бүткүл Союздук музыка фестивалына уулу Алмаз менен катышкан. 1984-жылы СССР Композиторлор союзунун Ардак грамотасы, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Ачык көңүл балдарбыз» с. А.Кыдыровдуку
  • «Биздин класс» с. А.Кыдыровдуку
  • «Биздин бакча гүл бачка» с. А.Кыдыровдуку
  • «Алиппе» с. А.Илипаевдики
  • «Баканын ыры» с. А.Карасартовдуку
  • «Менин апам» с. Н.Жаркынбаевдики
  • «Жаңы жыл» с. Ж.Садыковдуку
  • «Ким сулуу» с. К.Урманбетовдуку
  • «Жаш таланттар гимни» с. К.Урманбетовдуку
  • «Атың жакшы Ысык-Көл» с. М.Осмоновдуку
  • «Кереметтүү көл кечи» с. Т.Кожомбердиевдики
  • «Ысык-Көлгө суктануу» с. Н.Сыдыковдуку
  • «Түнкү кайык» с. А.Осмоновдуку
  • «Жалжалым ой» с. А.Осмоновдуку
  • «Ыр десте» с. К.Урманбетовдуку
  • «Булуттар» с. К.Урманбетовдуку
  • «Эң аярым» с. А.Кыдыровдуку
  • «Сага» с. К.Иманалиевдики
  • «Кыйбасың» с. Ө.Кулумбаевдики
  • «Энекеме» с. Т.Акматованыкы


Ноталуу китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ачык көңүл балдарбыз: Балдар үчүн обондуу ырлар. – Б.: Гүлчынар, 2007.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]