Букары - (кажары)

Википедия дан

Букары - (кажары) - колго терип согулган оймо-чиймелүү жука, жумшак таар. Бул термин аты туюнтуп тургандай, кыргыздарга кошуна отурукташкан элдер болгон фарси тилдүү тажик- өзбектерден келип кирүүсү ыктымал. Букары - Бухара, Кажары - Ирандагы 18-20-кк. баш чендерине чейин башкарган династияны аныктайт. Кажарлар Ирандын (Персиянын) тарыхындагы түрк тилдүү династия болушкан. Кыргызда кол менен согулган килемдин бир түрүн «кажары килем» деп коюшары маалым. Букарыда бир калыпта жайгашкан терүүлөр кайталануу менен кооздолот. Таардын өзгөчөлүгү арткы бетинде оймо-чиймени түзүүгө катышпаган, аркакка 3-4 жолу бастырылбай калган бош жиптери болот. Алар андан кийинки оймо-чиймени салууга гана оң тарабына чыгарылат. Таардын түсү көбүнчө кызыл, көк, сары, кээде ак болуп, жөнөкөй кууш өрмөктө токулат, эни 5-30 см. болот. Букары сызмалардан боз үйдүн үзүк-туурдугуна, жыгачтарына боо кылынат. Букарыдан ат жабуу, такта жабуу, куржун, тегирич, шалча, ж. б. жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]