Бука зоо

Википедия дан

Бука зоо - Моравиядагы (Чехословакия) үңкүр.

Андан темир доорунун (б. з. ч. 1 миңинчи жылдын ортосу) эсте-ликтерине бай көрүстөн табылган. 1872-ж. чехосл. археолог Й. Ванкель изилдеген. Адегенде үңкүрдө галь-штат маданиятына тиешелүү устакана болгон, кийинчерээк көрүстөнгө айландырылган. Жоокердик араба, темир курал-жарактар, эгиндин даны ж. б. табылган. Жезден жасалган буканын статуясынын табылышына байланыштуу Бука зоо деп аталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.