Була

Википедия дан

Була – ийирүүгө жарактуу эң ичке жана бышык жипче. Була катуу жана ийкемдүү болот да, текстиль (накта) жана химиялык була. болуп айырмаланат. Текстиль буктурмасынан жип ийрилип, текстиль буюмдары даярдалат. Xимиялык буктурма. жасалма жана синтездик болуп бөлүнөт. Жасалма буктурма. табигый органикалык полимерлерден алынат да, ага вискоза, жез аммиак, ацетат жана белоктуу буктурмалар кирет. Булар жыгачтан же көбүнчө кебез целлюлозадан, белоктуу Буктурмалар өсүмдүктөрдүн же жаныбарлардын белокторунан (казеин) даярдалат. Синтездик буктурма. синтездик полимерлердин (полиамид, полиэфир, полиолефиндин)коюу көлкүлдөк эритмесинен же полимердин (полиакрилонитрил, поливинилхлорид, поливинил спиртинин) суюк эритмесинен кургак жана суулуу метод боюнча алынат да, текстиль жиби жана штапель буласы түрүндө иштетилип чыгарылат. Алардан ар түрдүү буюмдар жана кездемелер даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]