Булагасын

Википедия дан

Булагасын, (Баласагун) — топоним. Акун-бешимдин ордо калаасы. Эпосто Б. кыргыздардын илгерки журту экени, кытай-калмактар Манас төрөлө электе кыргыздарды туш-тушка сүргөндө ал жерди Акунбешим ээлеп калып, кыргыздар Алтайдан келип кайра алганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 79, 95, 120). Тарыхый Баласагун Кыргызстандын Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; адегенде караханийлердин, андан кийин Орто Азияга сүрүлүп келген кара кытайлардын (кидандар) борбору болгон. Айрым изилдөөчүлөр Манастын пайда болуу доорун караханийлердин, кара кытайлардын мезгилиндеги тарыхый окуяларга байланыштуу карайт. Буга караганда Б. эпосто баштатан белгилүү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4