Мазмунга өтүү

Булалуу оптика

Википедия дан

Булалуу оптика - оптика бөлүмү; мында оптикалык диапазондо жумуру жарык өткөргүч жана толкун өткөргүч, о. эле айрым алганда көп тарамчалуу жарык өткөргүч жана ийилгич тутам була аркылуу жарыкты жана сүрөттөлүштү берүү каралат.

Булалуу оптика 20-кылымдын 50-ж-дарында пайда болгон. Булалуу оптикалык тетиктерде жарык сигналы жарык өткөргүчтүн бир учундагы беттен экинчи учундагы бетке сүрөттөлүш элементтеринин жыйындысы катары берилет. Ар бир сигнал өзүнүн жарык өткөргүч тарамчасы аркылуу берилет. Булалуу тетиктерде айнек була колдонулат, анын жарык өткөргүч тарамчасына (өзөкчөсүнө) сынуу көрсөткүчү азыраак болгон башка айнек кабыкча оролот. Ошондуктан өзөкчө менен кабыкчанын бөлүнгөн бетине түшкөн нурлар толук ички чагылышка ээ болот жана жарык өткөргүч тарамча боюнча таралат. Мындай чагылыштар көп болсо да жарык негизинен айнектин массасында жутулуп кетет. Жарык өткөргүчтү өтө таза материалдан жасоо менен жарык сигналынын начарлашын бир нече дБ/км ге чейин азайтууга болот. Жарык өткөргүч тарамчалардын жоондугу бир нече мкм дан бир нече мм ге чейин болот. Диаметри толкун узундугуна салыштырганда чоң болгон жарык өткөргүч боюнча жарык геометриялык оптиканын закондору боюнча тарайт. Булалуу оптикада сүрөттөлүштү берүү үчүн катуу көп тарамчалуу жарык өткөргүчтөр жана булалары ирет менен салынган өрүмчөлөр колдонулат. Сүрөттөлүштү берүү сапаты жарык таралуучу тарамчалардын жоондугу, жалпы саны жана жасалышы боюнча аныкталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]