Буламык

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Буламык – наристеге берилүүчү тамак. Малдын майына (мыктысы куйрук же сары май) унду бышыра кууруп, аны керектүү өлчөмдөгү (бала бир жолу жей тургандай) сүткө бөлтөксүз чалып, жай кайнатып, 5–10 мүнөт аралаштырып бышырат. Бир аз сууган соң буламык балага берилет. Айрым учурда буламык өтө карыган адамдарга, тамак ичүүсү кыйындаган сыркоолорго да аш болумдуу мүнөз тамак болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]