Буланжерит

Википедия дан

Буланжерит (француз минералогу С. Л. Буланженин ысмынан) – татаал сульфиддерге кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Pb5 [Sb4 S ]. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү каралжын боз, металлдай жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3,0. С. салмагы 6,2. Гидротермдик кендерде сульфиддер жана сульфантимониттер менен бирге кезигет. Буланжерит 2-даражадагы коргошун кенташы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]