Булан уулу Апыш

Википедия дан

Булан уулу Апыш (1880, Суусамыр өрөөнү, Жоо-Жүрөк жайлоосу - 1962, 8-Март кыштагы) - жыгач менен темирди бирдей кармаган, колунан көөрү төгүлгөн уста. Зергерчилик менен да алектенген.

  • Ошондой эле табыпчылык да кылып, сыныкты ордуна салып, шак-шак коюп, сакоону (жара) да айыктырган.
  • Кара-Суу деген жерге тегирмен куруп, ал «Апыштын тегирмени» деп аталып калган.
  • Анын калдыгы ушул кезге чейин сакталып келүүдө.
  • Темирди көрүккө салып эритип, андан чыккан жалындан кайсы темир экенин аныктаган.
  • Ал темирден атка така, мык, мала, соко, кулпу, ага ачкыч, кишен, алтын менен күмүштөн аялдардын зер буюмдарын (шакек, сөйкө, чач учтук, чолпу ж. б.), жыгачтан ээр чаап (кыргыз ээр, курама ээр), чана, челек, үкөк, чөйчөк ж. б. үй буюмдарын жасаган.
  • Ат жабдыктардын бардык түрүн (кээде күмүш чөгөрүп) даярдаган.
  • Жаныш уруусунан.
  • Ушул эле уруудан чыккан Чаштыбек уста «биз жаныш уруусунун уста кулундары самолёт көрсөк аны да жасайт элек» деген сөзү эл ичинде кеңири айтылып келет.
  • Ошондой эле Кылычбек уста ээрди жакшы чаап, камчыны келтире өргөн.
  • Учурда да «Кылычбектин ээри» деп суусамырлыктар колдонуп келет.
  • Жаныш уруусу устачылыгы менен даңкталып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9