Була-оптикалык байланыш

Википедия дан

Була-оптикалык байланыш – жарык өткөргүч булалар (световод) аркылуу түзүлгөн байланыш тутумунун жаңы түрү. Түрдүү жыштыктагы электр-магниттик толкундар (ЭМТ) аркылуу жүргүзүлүүчү байланыштын ар кандай түрүн ишке ашыруу үчүн толкун жыштыгынын белгилүү арымы (диапазону) ∆v, мисалы, телефон байланышы үчүн ∆v=20 кГц, интернет үчүн ∆v=100000 кГц жыштык арымы керектелет. Акыркы мезгилде интернет жана ар түрдүү телефон байланышына болгон талапты канааттандыруу үчүн байланыш каналын көбөйтүү зарылчылыгы келип чыкты. Ал үчүн байланыш зымынын санын көбөйтүү керек (мисалы, 10000 номурлуу телефон станциясынын 20 000 зымдан турган байланышы). Байланыш каналдарын көбөйтүүнүн экинчи ыкмасы ошол эле байланыш зымы аркылуу тараган ЭМТнин жыштыгын чоңойтуу болуп эсептелет. Мисалы, ЭМТ λ=1 м узундугу толкундун (v=c/λ, c = 300000 км/сек жарык ылдамдыгы) 300 000 кГц жыштыгын түзөт. Бул жыштыкта тараган толкун аркылуу 15 000 телефон жана 3 интернет (телевизор) байланыштарын түзүүгө болот. Ошентип бир эле толкун менен анын жыштыгын чоңойтуу аркылуу байланыш каналынын саны көбөйтүлөт. Жарык көз көрүүчү арымдагы (∆v=10n кГц) ЭМТ. Демек, бир жарык өткөргүч була аркылуу 10 млрд телефон каналын же 10 млн интернет каналын уюштурууга болот. Ошондуктан азыркы мезгилде континент, мамлекет, шаар аралык жарык өткөргүч була аркылуу байланыш түзүлүүдө. Европа, Азия континенттерин байланыштыруучу 24 буладан турган оптикалык зым аркан Кыргызстандын аймагы аркылуу Шанхайдан Франкфуртка тартылган. Мунун экөө гана Кыргызстанга тиешелүү. Бул эки буланын бирөө Бишкектеги жана Кыргызстандын башка шаарлар арасындагы телефон байланышын камсыз кылат. Экинчиси коммерциялык максаттагы байланыштар үчүн колдонулмакчы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]