Бульденеж

Википедия дан

Бульденеж (французча boule de neige – тоголок кар) – шилбилер тукумуна кирүүчү калинанын бир түрү. Бийиктиги. 3–4 мге жетет. Гүлү аппак, шарга окшоп кооз болот. Апрелдин аягында гүлдөп, май июнда гүлү күбүлөт. Жашылдандыруу максатында өстүрүлөт. Бульденеж нымдуу жана салкын жерде жакшы өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]