Буностомоз

Википедия дан

Буностомоз (Bunostomosis) - кепшөөчү малдын жумуру мите курттардын кесептинен пайда болуучу жугуштуу ылаңы.

Көбүнчө жаш малды ылаңдатып, энзотиялык түрдө өтөт, ылаң ургундай коңур күздө, кышка жуук байкалат. Мите курт малдын ичегисинде уялайт. Ылаңдаган мал чычкактап, арыктайт, кансырат, музоонун шыйрагы жараланат. Айрыкча козу, му300 өлүмгө учурайт. Малдын кыгынан, ичегидей буностомдорду табуунун жана лабораториялык изилдөөнүн негизинде диагноз коюлат.

Дарылоо: тиабендазол, фенотиазин, диптерекс тоют менен берилет. Профилактика: жаш малды бөлөк багуу, малды маалы, өлчөмү менен тоюттандыруу, сугаруу ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.