Бура

Википедия дан

Бура, тинкал,Na2B4O7[1|0H2O – тетрабор кислотасынын натрий тузу. Табиятта ак, сары кээде күңүрт түстө кездешет; суудагы эритмеси негиздик реакцияны көрсөтөт. 350–400°Сге чейин ысытканда суусуз Na2B4O алынат. Таза бураны кайрадан кристаллдаштыруу менен алууга болот. Ошондой эле табигый бораттарга жана бор кислотасынын эритмесине соданы таасир этүүдөн алынат. Эриген бура металл оксиддерин жакшы эритет. Ошондуктан каңдоо ишинде, металлдын бетин тазалоодо, чопо өндүрүшүндө, оптикалык айнек чыгарууда, тери иштетүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]