Бурама-Чап көрүстөнү

Википедия дан

Бурама-Чап көрүстөнү – биздин замандын 1–5-кылымына таандык байыркы көрүстөндөр тобу. Ат-Башы районунда, Арпа өрөөнүндөгү Бурама-Чап деген жерде жайгашкан, ошол жердин атынан аталган. Бурама-Чап көрүстөнүнүн дөбөчөлөрүн алгач А. Н. Бернштам (1944), кийин окумуштуулар М. И. Москалёв (1983), Н. Г. Галочкина (1986) жана башка изилдешкен. Изилденген бир нече көрүстөндөн чопо идиштер, жыгачтан жасалган буюмдар, оймо-чиймелүү кооз жасалгалар, курдун темир төңөлүгү жана коло билерик табылган. Көрүстөндөрдөн ар түрдүү типтеги дөбө-мүрзөлөр кездешет. Мүрзөлөр казанактуу жана жөнөкөй. 1-көрүстөн 5 дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги. 0,5–8 м, диаметри 10–30 м; 2-көрүстөндө эки башка типтеги 15 мүрзө эстеликтери бар. 1-тиби тик бурчтуу жана төрт чарчы таш курчоо (тосмо); 2-си төрт чарчы таш курчоо менен тосулган таш дөбө-мүрзөлүү дөбө-коргон; 3-көрүстөн 10 дөбө-мүрзөдөн турат, бийиктиги. 0,1–0,4 м, диаметри 4–9 м; 4-көрүстөн 23 дөбө-мүрзөдөн турат, бийиктиги. 0,1–0,4 м. диаметри 4–6 м; 5-көрүстөн 10 дөбө-мүрзөдөн турат, бийиктиги. 0,1–0,4 м, диаметри 9 мге чейин жеткен. Мында казуу, изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]