Бурана чопо кени

Википедия дан

Бурана чопо кени Чүй районунда, Кегети кыштагынан 8,5 км түштүк-чыгыш тарапта, Бурана суусунун сол өйүзүндө, Ивановка кирпич з-нан 35 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1200–1530 м бийиктикте. Кен 1960-ж. белгилүү. 1972–73-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен антропоген мезгилинин аяк ченинде пайда болгон боз жана күрөң боз түстөгү лёсс сымал кумайлуу чопо катмарынан турат. Катмарлардын төмөнкү бөлүгүндө бирин-серин галькалар менен шагылдар, үстүнкү бөлүгүндө үлүл кабыкчалары бар. Пайдалуу катмардын калыңдыгы 4,3–20 м. Ийилгичтиги 6,28–7,11. Кумайлуу чоподон “400–500” маркасындагы аглопаритти, “150”, “125” маркасындагы кирпичти алууга болот. Запасы А категориясы боюнча 1845 миң м3, В–2714 миң м3, С1–9761 миң м3, А+В+С1–14320 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]