Бурбаки Никола

Википедия дан
Бурбаки, 1938-ж.

Бурбаки Никола (фр. Nicolas Bourbaki) – Франциядагы математиктердин бир тобунун жалпы шарттуу фамилиясы жана ысымы; алар формалдуу аксиомалык ыкма (көп томдук «Математиканын элементтери» трактаты) позициясында туруп, ар кандай математикалык теоремаларды жазып түшүндүрүүгө аракеттенишкен. Алардын ой жүгүртүүсү жалпыдан жекеге деген философиялык категорияда жүргүзүлгөн. Ар кайсы өлкөнүн окумуштууларынын докладдарын угуп тура турган «Бурбаки семинары» иштеп турган. Ал топ 1937-ж. түзүлүп, Жогорку нормалдуу мектептин мурдагы тарбиялануучулары иш жүргүзүшкөн. Анын так курамы, канча адамдан турары ачык айтылбай келүүдө.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Math-bio-stub