Бурганак

Википедия дан

Бурганак – кар аралаш шамал. Мындай шамал кар кыртышын учуруу менен болот. Бурганак кардын жаашы менен кошо жүрсө, борошо деп аталат. Эгер кардын кыртышы өтө эле кургак жана тыгыздыгы начар болсо, желаргыдан деле кардын майдаланып учушу байкалат. Бурганак автомобиль жана темир жолдорду, самолёт конуучу аянттарды карга толтуруп, жол катнашын начарлатат. Бурганак дөңсөөлөрдөгү карды учуруп, ойдуңдарга толтургандыктан, ал жерлердеги жер кыртышынын нымдуулугу ар кандай абалда (ойдуңдар өтө нымдуу, дөңсөө жерлер нымсыз) болуп, айыл чарбага зыянын тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]