Бургу

Википедия дан

Бургу – материалдарды көзөөчү жана мурда көзөлгөн көзөнөктөрдү андан ары иштетүүчү аспап. Бургу цилиндр же конус түрүндөгү өзөктөн, кесүүчү элементтен, төмөнкү жумушчу бөлүгүндө станоктун патронуна бекитилүүчү жасалгадан (жогорку учунда) турат. Бургу өз огунда айланып, огу боюнча жылып жумуш аткарат. Металлдарды көзөөчү Б. конструкциясы боюнча терең көзөөчү, учтуу, түз жылгалуу, борборлогуч жана спиралдык болуп бөлүнөт. Бургу көзөөчү, токардык, көзөп кеңейтүүчү станоктордо, автоматтарда, механикалык жана электрдик кол көзөөчтөрүндө пайдаланылат. Ок боюнча бургунун же тетиктин бир бирине жылышы же бир айлануусу S=CD06 формуласы менен аныкталат: D бургунун диаметри, С эксперименттик жол менен табылуучу коэффициент. Мисалы, катуу болотто терең көзөнөк жасоо үчүн С=0,038, жумшак болотто С=0,085 болот. Бургу негизинен көмүртектүү, тез кесүүчү болоттон даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]