Бургулоо

Википедия дан

Бургулоо – забойдо тоо тектерди ирети менен оюу аркылуу цилиндр формасындагы көзөнөк, шпур жана тоо кен казылмаларын өткөөлдөө процесси. Бургулоо эл чарбасында а) инженердик-геологиялык жана мелиорация жумуштарында; б) кен байлыктарды чалгындоодо; в) тоо кен ишинде шамалдатуу жана суу сордуруу максатында; г) шахта өткөөлүнүн татаал процесстерин механикалаштырууда; д) кен байлыктарды казып алуудагы жардыруу жумуштарында; е) нефть, газ алууда жана артезиан кудуктарынан суу чыгарууда кеңири пайдаланылат. Бургулоонун төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) туташ забойлуу бургулоо; 2) колонкалуу бургулоо. 19-кылымда тоо кен өнөр жайынын өнүгүшү жана калктын сууга болгон муктаждыгынын күчөшү бургулоо техникасын өркүндөттү. 50-ж. швейцариялык механик Г. А. Лешо алмаздык бургулоону практикага киргизген. 1944-ж. Ф. А. Семёнов нефтини көзөнөктүн жардамы менен алууну сунуш кылган. Бургулоо өндүрүшүнүн башкы маселелери: көзөнөкчөлөрдү, шпурларды өтүүнү ылдамдатуу жана арзандатуу, ошондой эле долбоорлоо, конструкциялоо жана илимий-изилдөө иштерин, бургулоо техникасын, технологиясын кайрадан иштеп чыгуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]