Бургулоо коронкасы
Көрүнүш
Бургулоо коронкасы – тоо тектерди бургулоодо, бургулоочу аспаптардын (колонкалык жана башка) учуна атайын катуу куймалардан даярдалып кийгизилген элемент. Бургулоодогу максаттарга, бургулоочу станоктордун тибине жана башка жагдайларга жараша шакекче, шарошка, жумуру кескичтер түрүндө, миздерине катуу куймалар же алмаз бүртүкчөлөрү ширетилип, өлчөмдөрү ар башкача даярдалат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4