Бургулоо курулмасы

Википедия дан

Бургулоо курулмасы – негизинен бургулоодо, көзөнөкчөлөрдү бекитүүдө, өзөк казылмаларды курууга арналган машина менен механизмдердин комплекси. Бургулоо курулмасы кен чалгындоодо, нефть, газ, жер астындагы сууларды иштетүүдө, тереңдиктерди монтаждык ыкма менен геологиялык изилдөөдө пайдаланылат. Курулма ажыратылма жана ажыратылбоочу болуп бөлүнөт. Ажыратылма бургулоо курулмасы (кесек блоктуу жана майда блоктуу) 2000–10000 мдик көзөнөкчөлөрдү бургулап көзөөдө колдонулат. Кесек блоктуу бургулоо курулмасы өзү жүрбөөчү атайын шасси (оор жүк ташуучу), майда блоктуу курулма универсал транспорт (мисалы, автомобиль, авиация) менен ташылат. Ажыратылбоочу бургулоо курулмасы өзү жүрмө жана алып жүрмө болуп экиге бөлүнөт. Өзү жүрмө бургулоо курулмасы транспортко (автомашинага, тракторго, өзү жүрмө курулмага, бургулоо кемесине) туруктуу орнотулуп, ал эми алып жүрмө курулма сүйрөп жүрмө транспорттор менен ташылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]