Бургулоо көзөнөгү

Википедия дан

Бургулоо көзөнөгү, скважина, көзөнөк – бургулоочу станоктордун жардамы менен жер кыртышында тоо тектерди көзөп казылган цилиндр тибиндеги өткөөл. Көзөнөктүн диаметри 25 ммден 5 мге чейин жетип, тереңдиги бир нече миң метрди түзөт жана бир жагы туюк болот. Эң терең бургу көзөнөгү Кола жарым аралында долбоорлонуп (15000 м), учурдагы тереңдиги 12000 мден ашыгыраак. Геологияда, ар кандай тереңдиктердеги түзүлүштөрдү, тектерди, кен тулкуларын издөө максатында, нефть, газ, жер астындагы сууларды изилдеп чалгындоо жана иштетүү үчүн, жер кыртышында тик, горизонталдуу же жантык багыттарда бургуланышы мүмкүн. Аткарган кызматына жараша геологиялык карта түзүү үчүн, структуралык, гидрогеологиялык, геофизикалык, изилдөөчү, чалгындоочу, казып алуучу желдеткич (шахталарда), дренаждык жана башка деп айырмаланат. Бургулоонун ыкмасына карай канаттан соккуланып, колонкада айлантып бургуланган жана башка деп да бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]