Бургу шламы

Википедия дан

Бургу шламы – тоо тектерде көзөнөктөрдү (скважиналарды) бургулоо учурунда пайда болгон сүрүндү-сынык майда бөлүкчөлөрдүн суу аралаш топтондусу. Сыртка көзөнөктү жана анын түбүндө (забоюнда) чоң ылдамдыкта тегеренип тек жемирген көзөгүчтөрдү жууп тазалаган илээшкек чопо-ылай эритинди же атайын аспаптардын жардамы менен көтөрүлүп чыгып турат. Бургулоо кери алынбай жүргүзүлгөн учурларда, тереңдикте таралган тектердин курамына байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]