Мазмунга өтүү

Бурж

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Бурж
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөФранция
Координаттар47°04′47″ с. ш. 2°24′02″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Аянты68,74 км²
Борборунун бийиктиги169 м
Убакыт аралыгыUTC+01:00
Калкы
Сандык идентификаторлор
Почта индекси18000
Сайтыwww.ville-bourges.fr/  (фр.)

Бурж (Bourges) – Франциянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Шер департаментинин административдик борбору. Калкы 66,9 миң (2006). Орон жана Эрен дарыясынын кошулган жеринде жайгашкан. Берри каналындагы пристань (Луара дарыясы менен байланышат). Биздин замандын 7-кылымында азыркы шаардын орду кельттердин тургун жайы болгон. Шаардагы Сент-Этьенн собору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Чиркөөлөр, соодагер Жак Кёрдин үйү, Пельвуазен сарайы, ар деко стилиндеги кооз бакчалар, Эл аралык электр-акустика музыкалык академиясы, Орлеан университетинин технологиялык институту, музейлер, театрлар жана башка бар. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Авиа жана ракета куруу, аскер, шина, жыгаччылык, тамак-аш өнөр жайы иштейт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]