Буриме

Википедия дан

Буриме (французча bouts rimes уйкаш деген мааниде) – алдын ала даярдалган уйкаштыкка ыр жазуу. Б. формасы 17-кылымдын биринчи жарымында пайда болгон. Буриме кыргыз акындарына белгилүү болсо да, адабий салт катары өнүккөн эмес. Бирок акындар айтышына байланыштуу поэтикалык жанрдын айрымдарында өз алдынча пайда болуп, күчтүү өнүккөн бурименин поэтикалык салттарын байкоого болот (мисалы, Токтогул менен Алымкулдун «Акбары» жөнүндөгү айтышы). Токтогул адегенде Акбары жөнүндөгү айтыштын мазмунун, ыр башындагы жана ыр аягындагы уйкаштыктыгын алдын ала даяр түрүндө берет. Ал эми Алымкул ыр башындагы жана ыр аягындагы уйкаштыкты сактап, ырдын мазмунун андан ары улантат, тереңдетет. Алдын ала даяр уйкаштыктардын негизинде ыр жаратууну азыркы мезгилде кыргыз акындары Ш. Дүйшеев, Н. Алымбековдун ырларынан да байкоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]