Бурулма-калакчалуу турбина (бара)

Википедия дан

Бурулма-калакчалуу турбина (бара), Каплан барасы (турбинасы) – канат сымал калакчасы жумушчу дөңгөлөктүн втулкасына (бойшакегине) бекитилген жана атайын кыймылга келтиргичтин жардамы менен өз огунда автоматтык бурулуучу реактивдүү суу турбинасы (барасы). Анын кубаттуулугу 200 МВтка жетет. Жумушчу дөңгөлөгүнүн эң чоң диаметри 10 мге жакын. Ал бир мезгилде багыттоочу аппараттын калакчасын жана жумушчу дөңгөлөгүн буруучу кубаттуулук менен жөнгө салынуучу кош жөндөгүчкө ээ. Суунун кысымы 15–60 мге чейин колдонулат. Аны 1920-ж. австралиялык инженер В. Каплан ойлоп тапкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]