Бурул Асакеева

Википедия дан
Асакеева Бурул
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Асакеева Бурул Амантуровна
Туулган жылы: 1958-жыл
Туулган жери: Сары-Камыш айылы, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: куурчак театрынын артисти, куурчак театрынын режиссеру
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1981-жылдан баштап
Театр: Кыргыз мамлекеттик куурчак театры, "Рабаят" жеке менчик куурчак театры

Асакеева Бурул - балдар жазуучусу, актриса, куурчак театрынын режиссеру.

Өмүрү жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында туулган. 1976-жылы мектепти бүтүрүп, 1981-жылы Ташкендеги А.Островский атындагы театралдык-көркөм институтун аяктаган.
Эмгек жолун 1981-жылы азыркы М.Жангазиев атындагы республикалык куурчак театрында иштөө менен баштаган.
1986-жылы Ош облустук драма театрына которулуп, актриса болуп иштеп жүрүп, куурчак театр-студиясын ачкан.
1988-1990-жж. билимин өркүндөтүп Москва, Киев шаарларында окуп режиссерлук кесипке ээ болуп келип, Ош облустук куурчак театрын уюштуруп, Ж.Садыковдун «Кереметтүү чоор», Ю.Даниэлдин «Акылсыз Падыша» пьесалары боюнча спектаклдерин койгон.
1993-1994-жж. Маданият министрлигинин көркөм-өнөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, болуп дайындалат.
1995-1998-жж. Кыргыз академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайында куурчак актерлор тобун окуткан.
1994-жылдан Б.Асакеева республикалык куурчак театрында режиссер болуп которулуп, Я.Крыстановскийдин «Шалунишки», Е.Жуковскаянын «Добрый Волчонок» Л.Спачиллдин «В гостях у кукол» «Шенок Мапа», В.Анникованын «Лентяй Хечо» ж.б. пьесаларды кыргызчага которуп, спектакль кылып даярдаган.
1991-жылдардан баштап, куурчак театрында жаңы жылдык «Балаты майрамдарын» кыргызча өткөрүлүшүнө алгачкылардан болуп шарт түзүп, жыл сайын жаңы программадагы сценарийлерди жазып, сахналаштырып кыргыз балдарына кубаныч тартуулап келген.
Республикалык театралдык «Нооруз-97» «Нооруз-98» фестивалынын дипломанты жана жеңүүчүсү, мыкты спектаклдери үчүн Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин бир нече Ардак грамотасы менен сыйланган.
1995-2004-жж. Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын балдар үчүн чыгарылган «Рабаят» программасынын автору, алып баруучусу болгон.
2002-жылы Балдардын «Рабаят» чыгармачылык бирикмесинин президенти, «Рабаят» куурчак театрынын директору болуп иштеп, 2006-жылы Республикалык масштабда «Ачык көңүл балдарбыз» аттуу жаңы обондуу ырларды жаратуу максатында кароо-сынак фестивалын уюштурушкан.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубулуу: Мектепке чейинки балдар үчүн. 2007.


Койгон пьесалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жуковская Е. Боорукер бөлтүрүк: Пьеса. – 1996.
Чеповецкий А. Апата: Пьеса. – 2001.
Спачилл Л. Меймандос куурчак: Пьеса. – 1995.
С.Ефремов Тентек короз: Пьеса. – 2002.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]