Бурханов Шүкүр
Бурханов Шүкүр (15. 9. 1910, Ташкент – 14. 8. 1987, ошол эле жер) – өзбек актёру, СССР эл артисти (1959), Өзбек ССР Хамза атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1964). 1928-ж. Өзбек мамлекеттик драма театрынын (азыркы Хамза атындагы театр, Ташкен) труппасына кирген. Ш. Бурхановдун сахналык ишмердиги 1928-ж. башталган. Актёрдун чыгармачылыгы көп кырдуу: ал психологиялык жактан татаал, ошондой эле курч сатираны, романтикалуу жана драмалык образдарды түзгөн. Аткарган ролдору: Гулям (Яшен, «Сыймык жана сүйүү»), Гафур (Хамза, «Бай жана батрак»), Фархад (Хикмет, «Сүйүү жөнүндө легенда»), Брут (Шекспир, «Юлий Цезарь»), Эдип (Софокл, «Падыша Эдип») жана башка Кинофильмдерге да тартылган: Карабатыр («ТахирЗухра»), Улугбек («Улугбектин жылдыздары»), Ялантуш («Азиянын үстүндөгү бороон») жана башка Б. орден жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4