Бурчтук ылдамдануу
Көрүнүш
Бурчтук ылдамдануу – катуу нерсенин бурчтук ылдамдыгынын өзгөрүү тездигин мүнөздөөчү вектордук чоңдук. Бурчтук ылдамдыгы бир калыпта чоңоюучу (же азаюучу) нерсенин кыймылсыз октун айланасында айлангандагы бурчтук ылдамдануусунун сан чоңдугу: ɛ=∆[[Image:]]/∆t, мында ∆[[Image:]] бурчтук ылдамдыктын ∆t убакыттагы өсүндүсү. Жалпы учуру: ɛ=δ δ[[Image:]]/ δt; бирдиги рад/сек2. Бурчтук ылдамдануунун багыты бурчтук ылдамдыктын багытына дал келет, ал эми акырындатылган айлануу кыймылында ага карама-каршы багытталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4