Бурчтун трисекциясы

Википедия дан

еки туз сызыктын кесилишинен пайда болгон буручтардын бири 70 калгандардын жапкыла

- бурчту барабар 3 бөлүккө бөлүү маселеси; Байыркы Грецияда түзүүгө берилген классикалык 3 негизги маселенин бири.

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн математиктери Бурчтун трисекциясы маселесин кубдун тең-демени чыгарууга келтиришкен. Тамырларынын бири рационалдуу сан болгондо гана кубдун теңдеме квадраттык радикалдарда чыгарылышы мүмкүн экендиги кийинчерээк далилденген. Кандайдыр бир кесинди берилген кесинди аркылуу квадраттык радикалдарда туюнтулган учурда гана ал кесиндини циркулдун жана сызгычтын жардамы менен берилген кесинди боюнча түзүүгө болот; Ар кандай бурч үчүн жогорудагы теңдеменин рационалдык тамыры болбой калышы мүмкүн.

Ошентип, Бурчтун трисекциясы маселеси циркуль, сызгычтын жардамы менен чыгарылбастыгы 19-кылымда далилденген. Бирок бул маселени циркуль, 2 жеринде белгиси бар сызгыч жана Никомеддия конхоидасы деп аталган атайын ийри сызыктын жардамы- менен чыгарууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.