Бустер (автоунаа)

Википедия дан

Бустер – автоунаадагы жөлөнгүчү жок, балдарга ылайыкталган отургуч. Ал 5 жаштан 13 жашка чейинки 15-45 килограмм салмакка ылайыкташкан кичинекей жүргүнчүлөргө атайын жасалган. Бустерлер баланы өйдөрөөк көтөрүп, автомашинанын коопсуздук курун туура тагынууга жардам берет. Анын чыканак койгучу жана ансыз деле боло берет. Бустердин түбү эч нерсе менен бекилбейт же унаанын отургучуна атайын бекиткичтер (Isofix) менен жана кошумча курлар (Latch) менен бекитилиши мүмкүн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]