Бутадиен каучугу

Википедия дан

Бутадиен каучугу (дивинил каучугу) – бутадиен полимерлешүүсүнөн алынган синтездик каучук. Табигый каучуктар сыяктуу эле Б. к. узун макромол-лык чынжырчага ээ, кээде бутактанган болот. 100 миңден миллионго чейинки орточо мол. массага ээ болот. Ал ароматтык углеводороддо, алардын хлор туундуларында, циклогександа, алкандарда жакшы эрийт. Тыгызд. 0,90 - 0,192 г/см3 (25оС). Полимерлөөнүн шартына жараша цис- жана транс-түзүлүштө болот. Эң маанилүүсү стереорегулярдуу түзүлүштөгү Б. к. саналат, ал Циглер-Натта катализаторунун (өтмө металдар комплекстери - Al, Mg-орг. бирикмелер) катышуусунда синтезделет. Щелочтуу металлдын катышуусунда негизинен транс-түзүлүштөгү натрий Б. к. алынат. 1927-ж. орус окумуштуусу С.В.Лебедев методу б-ча 1-жолу этил спиртинен синтезделген, бутадиенден натрий катышуусунда алынган. 1932-ж. ө.ж-лык деңгээлде чыгарыла баштаган. Б. к. бром, хлор менен кыймылдуу галоген атому бар бирикмелер, малеин ангидриди, хлораль, нитрозалар менен реякцияга активдүү кирет. Б. к. изопрен жана табигый каучука караганда жайыраак окистенет жана андан ийилгичтиги, бышыктыгы, суукка чыдамдуулугу салыштырмалуу жогору болгон резиналар алынат. Б. к. кабель, шина, ташыгыч тасма, бут кийим, турмуш тиричиликке керектүү резина алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]