Бутактануу (өсүмдүктө)

Википедия дан

Бутактануу (өсүмдүктө) – жаңы өркүндүн пайда болушу жана алардын сабакта, көп жылдык бутакта, тамырсабакта тармактанышы. Бутактануунун натыйжасында өсүмдүктүн чөйрө менен байланышкан бетинин аянты кеңейип, тиричилиги үчүн керек азык заттарды, күн энергиясын көбүрөөк алууга мүмкүндүк түзүлөт. Анын бир нече түрү белгилүү: 1) дихотомиялык же ачаланып бутактануу. Мында өсүү конусунан бирдей эки бутак өсүп чыгат, өз кезегинде алардын ар биринен дагы экиден бутактар пайда болот д. у. с. ; 2) айрым өсүмдүктүн негизги сабагынын чоку бүчүрү өсүшүн токтотуп, анын алды жагындагы тушташ эки каптал бүчүрлөрдөн эки бутак өнүп чыгат. Алар белгилүү өлчөмдө узарганда өсүшүн токтотот да ар биринен экиден бутак пайда болот. Мындай бутактануу жалган дихотомиялык деп аталат; 3) моноподиялык Бутактанууда негизги башкы сабак узунунан өсүүсүн токтотпойт да, анын өсүү конусунда калыптанган каптал бүчүрлөрдөн каптал бутактар өсүп, ал бутактардан экинчи катардагы каптал бутактар пайда болот. Негизги бутак каптал бутактарга караганда ылдамыраак өсүп, жоон жана узун болот. Бул бутактануу пальма, карагай ж. башкаларга мүнөздүү; 4) симподиялык бутактанууда чоку бүчүр белгилүү мезгилден кийин өсүшүн токтотуп, андан бир аз төмөнүрөөк жайгашкан каптал бүчүр өсөт, ал өсүүсүн токтоткон кезде каптал бүчүр бутактанат. Мындай бутактануу көпчүлүк дарак (кайың, терек, тал жана башка) жана чөп (дарбыз, картошка ж.б.) өсүмдүктөргө мүнөздүү. Бутактануу сабакта гана эмес, тамырда, топ гүлдө, тарамыштарда (өткөргүч боочолордо), жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн талломдорунда да болот. Ал өсүмдүктүн сырткы көрүнүшүн (габитусун) аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]