Бутак мурут рактар

Википедия дан
Daphnia sp.

Бутак мурут рактар (Cladocera) – жалбырак буттуулар түркүмүнүн рак сымалдар түркүмчөсү. Узундугу 1 ммден кемирээк, кээде 5 ммге чейин жетет. Денеси анча тунук эмес кош капкалуу карапакска бекиген. Башы ылдый караган тумшугуна өтөт. Фасеттүү көзү бар. Чоң эмес антенналары абдан узун кыл сымал, сүзгөнгө жардам берет. Көкүрөк буттары көпчүлүгүндө чыпка милдетин аткарат. Боорунун аягында 2 тырмагы бар. Алардын 380дей түрү бардык жерде, тузсуз көлмөлөрдө кезигет, деңизде жашоочу түрү аз, тропик токойлорунда мамык чөптө жашагандары да белгилүү. Көбү детрит, бактериялар, бир клеткалуулар менен азыктанышат, жырткычтары да бар. Айрымдары балыктарга жакшы азык. Балык заводдорунда мекире сымалдарга жана лососторго атайын тоют катары өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]