Бутмир маданияты

Википедия дан

Бутмир маданияты - Югославиядагы кийинки неолит доорундагы археологиялык маданият.

Б. з. ч. 4-миң жылдыкка таандык. Босна өзөнүнүн боюна тараган. 19-кылымдын аягында байыркы адамдар жашаган Бутмир турак жайынын табылышына байланыштуу Бутмир маданияты деп аталган. 20-кылымдын 40-жылдарынын аягынан бир нече жолу изилдөө жүргүзүлүп, камыш жана топурак үйлөр, көп сандаган таш куралдар (балта, кетменче, кыргыч ж. б. ), оймо-чийме түшүрүлгөн чопо идиштер табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.