Буу

Википедия дан

Буу – газ абалындагы зат. Буулануу процессинде пайда болот. Заттын мындай абалы ошол эле бууланган заттын конденсацияланган (суюк же катуу) абалы менен тең салмакта болгон шартта алынат. Химиялык таза заттар каныккан буу, каныкпаган буу, өтө каныккан буу абалында болот. Алар каныгуу температурасы жана басымы аркылуу айырмаланат. Суу буусу буу барасында жана буу машинасында жумуш аткарууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]