Буудайык

Википедия дан

Буудайык, ак чөп (Agropyron) – дан өсүмдүктөр тукумундагы уруу; тамыр сабактуу көп жылдык чөп. Тамыры узун, айрымдарыныкы кыска. Сабагынын бийиктиги. 60–120 см, түктүү же түксүз, жалбырагы тасмадай, түктүү. Топ гүлү эки катарлуу жөнөкөй машак. Даны сүйрү, түктүү. Түндүк жарым шарда 150дөй, Кыргызстанда 14 түрү бар. Көбүнчө талаа, шалбаа, таштак жерлерде өсөт. Айрым түрлөрү (көгүлтүр буудайык) буудай менен аргындаштырылып, суукка өтө чыдамдуу, сапаттуу түшүм берүүчү буудай-буудайык гибриди алынган. Көпчүлүк түрү тоют өсүмдүгү, айрымдары отоо чөп. Уругунан көбөйөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]