Буура II

Википедия дан

Буура II кыргыз тилинде «буура» - тукумдатуучу төө маанисин аныктайт. Караханийлер мамлекетинде «буура» тотем-жаныбар болгондугун аныктаган фактылар бар. Термин кыргыздардын байыркы шаман дини менен болгон байланышын аныктап турат. Кызыктуусу, түркмөндөрдө «пыр хан» - учурда «бакшы» (шаман) маанисин туюнтат. Буура - алтай кижи жана телеуттарда курмандыкка чалынуучу жаныбарды аныктаса, монгол жана якуттарда - «бугу», сойоттордо - (тувалар) «багыш» маанисин билдирет. Буура (пура) - алтайлыктардын шамандарынын диний лексикология- сында кенен пайдаланылган термин болгон. Алтай түздүгүндөгү жана Тоолуу Алтайдагы телеуттардагы шамандар бул термин менен кансыз (муунтулуп өлтүрүлгөн) курмандыкка чалынган жылкынын жана анын көрүнбөгөн көмүскөлүү шеригин аташкан экен. Түндүк алтайлыктарда (теленгит, куманды, челкандар) «бура» ыйык духтардын жана Кудайлардын мингич атын аныктаган. Көк Теңир «бураны» шамандарга жардамчы, колдоочу иретинде жөнөтүп турат имиш. Айрым шамандар диний ритуал учурунда «буранын» жардамы менен «көк асманга» көтөрүлүп турушкан. Шор, куманды, түндүк телеут, качин, сагай шамандары бураны (пура) башкы жардамчы жана колдоочу катары билишип, аны бул дүйнөдөгү өзүнүн өмүрү, жашоосу менен бир карашкан. Бул фактылар шаманизмдин Түштүк Сибирдин түрк тилдүү элдеринде тарыхый-этностук, маданий бир кыртышта өнүккөндүгүн ырастайт. Бура - шаман дининде үч функцияны аткарган: 1. Тын бура («тирүү» же «кайрадан өлүп-тирилген бура») - шаманга жеке таандык болгон өзгөчө буура. Көк Теңир менен сүйлөшүү учурунда шамандын түгөйү, колдоочусу катары милдетин аткарган; 2. Таг бураны - шаман Улген кудайынан жамаат сыйынган ыйык тоо аркылуу кабыл алган жана анын элеси шаман бубенине түшүрүлгөн; З. Чар буранын - (жер бура) - бубенге элеси түшүрүлүп, шаман тарабынан көпчүлүккө көрсөтүлбөй, жашыруун колдонулган. Негизинен, буура - жер менен Көк Теңирдин ортосундагы шамандын мингич аргымагын элестетип, шаман лексикологиясында Кудайлар, духтар менен бууранын ыйык, касиеттүү байланышын чагылдырат (жаныбардын териси капталып жасалган бубен шамандын мингич аргымагынын функциясын аткарган). Исламдын таралышы менен бул диний термин күндөлүк колдонуудан чыгып, урук (уруу) аталышы катары сакталып калган. Бууралар - кыргыздын дөөлөс уруусунун курамындагы урук катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]